Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Коррупцияга айыпталгандардын баары «оорулууларбы»?

05.03.2021 10:52
1431
Коррупцияга айыпталгандардын баары «оорулууларбы»?


Биздин саясатта бир жаман адат пайда болду. Топ тээп, ат чаап жүргөн эле саясатчылар, мамлекеттик чиновниктер капысынан коррупция беренеси менен айыпталып, камакка түшүп калса эле «оорулуу» болуп кала турган болушту. Бул адат бүгүн эле пайда боло калган жок. 2010-жылдан бери карай эле өнөкөт болуп келатат. Биринин буту тизесинен ооруп, чет мамлекеттен операция жасатышы керек болот. Экинчисинин кан басымы ойнооктоп калат. Дагы бирөөсүнүн жүрөгү ооруйт. Айтор, мамлекеттин казынасына кол салып, элдин ырыскысын уурдап жатканда оорубаган жүрөктөрү СИЗОго отуруп калса эле ооруп калат. Алар уурдап, талап-тоноп жаткан үчүн мамлекетибиз ушундай алсыз болуп турганына, элибиздин жашоосу эптемейден жогорулабай жатканына оорубаган жүрөктөрү,  өздөрүнө келгенде эле сезимтал болуп калганына эмне дейсиң?


Ошентип адегенде камакка алынып, анан «ооруп жатат» деп үй камагына же ооруканага чыгарып коймой көрүнүштөр мурунку бийликтердин учурунда да нааразычылыктарды пайда кылган. «Ана-мына өлүп калат экен» деп абактан бир күндө чыгарылып, ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен «мыйзамдагы ууру» Батукаев дагы деле жакшынакай жашап жүрөт. Түрмөгө отуруп калгандан кийин бутунан баса албай, майыптардын коляскасына отуруп калгандар азыр чуркап эле жүргөнүн көрүп жатабыз. Айтор, ушундай көрүнүштөргө акыры чекит коюлушу керек эле.


Тилекке каршы, бул өнөкөт дагы деле уланып жатат. Кече жакында эле, тактап айтсак 18-февралда экинчи ирет УКМК тарабынан коррупцияга айыпталып камакка алынган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кайра 24-февралда жеке менчик ооруканага которулганы маалым болгон. Ал борбор калаадагы «Бикард» деп аталган жеке менчик ооруканага кан басымы улам көтөрүлүп, кайра түшүп жатканы үчүнн которулганы да айтылды.


Ушул эле ооруканага дагы бир коррупцияга шектүү, Жогорку Кеӊештин депутаты Кубанычбек Жумалиев да дарыланып жатканы белгилүү. Анын адвокаты Майрамбек Шербакуновдун айтымында Жумалиев үчүнчү даражадагы гипертония – жүрөк оорусун дарылатып жатыптыр.


Албетте, эч ким оорубасын. Биз аларга ден соолук гана каалайбыз. Бирок, бир суроо бар, камакка алынгандардын ичинде ушул коррупцияга шектүүлөр гана ооруп калса, ооруканага которула алышабы? Түрмөдө ооруп жаткандар өтө эле көп болсо керек. Эмне үчүн алардын баарын анда ооруканага которуп койбойбуз? Матраимов, Жумалиевден башка да камакта жаткан саясий фигуралар бар. Алардын да айрымдары ооруп жатканы буга чейин көп айтылган. Эмнеге алар ооруканага которулбайт? Эгерде акыйкат, адилет болгубуз келсе, анда ооруп жаткандардын баарын ооруканага которуу керек. Болбосо, камакка алынары менен ооруп калмай өнөкөттү токтотуу зарыл.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн