Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Коррупцияга айыпталып кармалган министрликтик статс-катчысы айып төлөп, үй камагына чыкты

11.01.2021 13:55
554
Коррупцияга айыпталып кармалган министрликтик статс-катчысы айып төлөп, үй камагына чыкты

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан коррупцияга айыпталып кармалган Жол жана мелорация министринин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, Мамыркалиев өз күнөөсүн мойнуна алып, 9-январда мамлекетке 2 миллион 500 миң сом төлөгөн. Ошол эле күнү  Биринчи Май райондук соту Мамыркалиевдин баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган.


"Учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында ар кандай кызматтагы 30га жакын кызмат адамдары жоопко тартылышты. Бул коррупциялык схема боюнча келтирилген чыгым 20 миллион сомду түздү. Финполго дээрлик бардык сумма кайтарылды. Сотко чейинки процесстер боюнча тергөө иштери аяктоо стадиясында",-деп билдирди мекемеден.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн