Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

«Коррупцияга каршы элдик кыймылдын» жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

«Коррупцияга каршы элдик кыймылдын» жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

 «Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин директору К.А.С. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.



   Маалым болгондой,   УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен «Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин директору 1961-ж.т. К.А.С. кармалды.

 

      Тактап айтканда, кармалган К.А.С. аталган акча каражатын, анын демилгеси боюнча Кемин районунун ички иштер бөлүмүндө каралып жатат деп, Кемин районунун Кичи-Кемин а/а башчысы К.А.Ш. аттуу жетекчисинин финансылык ишмердигин текшерүүнү токтотуу үчүн опузалап талап кылгандыгы аныкталган. 

        Бага чейин аталган К.А.С., аталган коомдук бирикменин статусунан пайдаланып, укук коргоо органдарындагы байланышы бар экенин айтып жашырынып, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө мезгил-мезгили менен суралып турган маалыматтарды жана мамлекеттик мекемелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктырган башка маалыматтарды сурап турган. Талаптарын аткаруудан баш тартышса, алардын ишин текшерем деп коркутуп, прокуратурага жана Эсептөө палатасына арыз менен кайрылып, системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн.

         Мындан тышкары, ал подрядчыларга кызматташууну сунуштап, тендерлерди оң чечимге чечип берүүсүн убада кылып, ал үчүн жарыяланган тендердин суммасынан 10% талап кылган. Эгер баш тартса, ал ошондой эле алардын уюмун текшерүүгө аракет кылам деп коркуткан.

      К.А.С.дын бул аракеттери мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле жеке уюмдардын жетекчилеринин нааразычылыгын жараткан.

      Азыркы учурда К.А.С. КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


       

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн