Май айында да коррупцияга каршы күрөштүн изи менен бир катар экс-чиновниктерге, чиновниктерге кылмыш иштери козголду. Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов мыйзамсыз баюуга шектелип, УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Башкы прокуратура Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировго Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козгогону маалым болду. «Кадастр» ишканасынын директору Эрнест Сулайманбековго «Пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. «Элит Хаус» курулуш компаниясынын мурдагы башкы директору Тимур Файзиев да коррупциялык иштерге шериктештик кылган деген шек менен издөөгө алынууда. Ага Биринчи Май райондук соту сыртынан СИЗО-1ге камакка алуу чечимин да чыгарган. Баарынан дагы жаңыдан гана министрлер кабинетинин төрагасы кызматына барган Азамат Дыйканбаевдин коррупцияга айыпталып кармалганы коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Айтор, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын көрүп турабыз. Бирок, анын реалдуу жүрүп жатканын тастыктоо үчүн укук коргоо органдары коррупцияга айыпталгандарды «Баланча суммада акча берип чыкты» деп эркиндикке кое бербөөлөрү керек. Башкача айтканда, кылмыш жоопкерчилиги акчага айырбашталуу менен гана чектелип калганы туура болбойт.
Ырас, азыркы бийликтин убагында коррупцияга айыпталгандар мурдагыларга салыштырмалуу ири суммадагы акчаны мамлекетке кайтарып жатышат. Ошону менен эле алардын жазадан кутулуп кетишкендерине коомчулук анча ыраазы болбой турганын да белгилеп коюу керек. Эгерде коррупционерлердин баарын эле адегенде кармап, анан уурдаган акчасын төлөтүп эле бошото берсек, анда коррупциянын тамыры эч качан кыйылбайт. «Уурдап, кайра төлөп коюу» өнөкөткө айланып кетиши мүмкүн.
Андыктан эми ушул май айында коррупцияга, мыйзамсыз баюуга айыпталгандар уурдаган акчаларын да кайтарып, ошол эле убакта элдин, мамлекеттин байлыгына кол салуунун арты кандай болорун темир тор артында жатып сезе тургандай болушу шарт. Болбосо, миллиаррдап уурдап, кайра миллиондоп төлөп койгондордун «итке минип» калышканын эч ким көргөн жок. Алар дагы деле байманасы ашып-ташкан байлардын катарында турушат. Ошондо алар мамлекеттен уурдагандарын толугу менен кайтарып беришкен жок деген тыянак чыгарсак болобу? Алтургай алардын байлыгынын бир чети деле оюлбагандай сезим калууда.
Эми мындан ары коррупцияга айыпталгандардын коомчулукка жарыяланган мүлктөрүнүн канча пайызы мамлекетке өткөнүн, анан дагы элдин ырыскысын уурдаганы үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө эркинен ажыратылганын эл уккусу келип турат. Ошондо гана күрөш реалдуу жүрүп жаткан болот. Ошондо гана коррупциянын тамырына доо кетет.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн