Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Коррупцияга каршы күрөш дүңүнөн башталса колдойсузбу?

08.02.2021 10:38
933
Коррупцияга каршы күрөш дүңүнөн башталса колдойсузбу?

Мамлекеттин алсырашынын, элдин жакырланышынын башкы себеби – бул ошол мамлекет ичиндеги коррупциянын гүлдөгөнү. Эмне себептен 30 жылдан бери карай эле Кыргызстан экономикалык жактан да, эл аралык аброй күтүү жагынан да өнүгө албай келатат? Эмне себептен улам жаңы чакырылыштагы парламентке келген депутаттардын деңгээли төмөндөп баратат? Эмне себептен тартипсиз, маданиятсыз, уятсыз, ар-намыссыз, билимсиз коом пайда болду? Эмне себептен мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлык акылары орточо 10 миң сом, ал эми депутаттардын айлык акысы 50-60 миң сом? Эмне үчүн 1990-жылдардын башында контрабанда менен алектенгендер, мамлекеттик мүлктөрдү ит бекерге менчигине баскандар мультимиллионерлерге айланды? Эмне үчүн өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп эле катар-катар хансарай, элиталык батирлер, соода борборлоруна ээ болуп калып жатышат?


Ушул сыяктуу суроолор өтө арбын. Бирок, отуз жылдан бери эч ким жообун бербей келет. Мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп эле мультимиллионер болгондор да «Мен таза жол менен байыгам, мамлекеттен уурдаган эмесмин» дешет. Эгер ал мамлекеттен уурдабаса, анда алган айлыгы менен кантип ошончо кыймылсыз мүлктөрдүн ээси болуп калганын айткысы келбейт. Кокус «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш иши козголсо, «Саясий куугунтук башталды» деп чыга калат. Биз мындай көрүнүштөрдү буга чейинки бийликтегилердин тушунда да көп көрдүк.

Айтор, ар бир келген бийлик коррупцияга каршы айыгышкан күрөш баштай турганын жар салат. Баштагандай болот. Эки-үч экс-чиновниктерди, кээде иштеп жаткан чиновниктерди коррупция беренеси менен камап, соттук териштирүүлөрдү жасайт. Алардын кандай мүлктөргө ээлик кылаары боюнча узу-ун тизме да жарыяланат. Анан эле аягында келип, соттун чечими менен орточо 5 миллион сом мамлекетке төгүп коюп кутулуп кетишет. Же айрымдарынын иштери эмне болгону да билинбей калат.



Октябрь төңкөрүшүнөн кийин жаңы келген бийлик да коррупцияга каршы күрөштү катуу баштады. Ырас, мурдагы бийликтерге салыштырмалуу реалдуу күрөш жүрүп жатканы байкалып турат. Мисалы, акыркы үч жылдан ашык убакыттан бери «Коррупциянын атасындай» болуп таанылып калган Райымбек Матраимовдон мамлекетке 2 миллиард сом өндүрүлдү. 250 миң доллар пара алып жаткан жеринен Мелис Аспеков аттуу жарандык активист кармалды. Бир катар соттордун мыйзамсыз байыганы боюнча УКМК айтып чыкты. Транспорт министрлигинин эки чиновниги да коррупция менен шектелип кармалды. Айтор, реалдуу күрөш башталгандай таасир калтырууда.


Бирок, карапайым эл азыр коррупцияга каршы күрөштүн мындан да күчтүүрөөк жана эффективдүү болушун каалап турат. 30 жылдан бери министр, депутат, аким, губернатор, премьер-министр, мамлекеттик агенттик, комитеттердин төрагалары сыяктуу кызматтарды аркалагандардын баарынын мүлктөрүн бирдей учурда текшерүүгө алуу зарылчылыгы тургансыйт. Бирден-экиден терип камоо менен коррупцияга каршы күрөш эффективдүү болбой турганын буга чейинки бийликтегилердин учурунда көрдүк. Эл кимдердин коррупция жолу менен байыгандарын көрүп-билип эле турат. Ошол эл көрүп тургандарды эми укук коргоо органдарынын жетекчилери да көрүп, баарына дүңүнөн кылмыш ишин козгоп, дүңүнөн иликтөөгө алдыртып, мыйзамсыз уурдагандарынын мүлктөрүн кайра мамлекетке кайтарып алса деген элдин үмүтү бар. Ошондо «Тышкы карызды төлөөгө кайдан акча табабыз?» деген «баш оору» өзү эле жоголмок. Анан дагы элдин бийликке болгон ишеними кескин жогоруламак. Бардык коррупционерлер (жок эле дегенде 200-300 чиновниктер) бир учурда камакка алынса, аларды колдоп чыга тургандар да жок болмок. Ал эми бирден терип камаганда, «Эмне үчүн тигил камалбай да, бул камалат?» деген суроону кабыргасынан коюп, «боштондук!» деп кыйкырып чыга беришет.


Эгерде коррупционерлерди бирден эмес, дүңүнөн камап, дүңүнөн мамлекетке келтирген зыяндарын аркага кайтарып ала турган болсок, ошондо өткөн жылдын октябрь айындагы төңкөрүш бекерге жасалбаган болот эле. Революция деген бийлик башындагы бир эле адамды алмаштыруу эмес, революция деген элдин ырыскысын уурдагандарды дүңүнөн камоо, акыйкаттыкты, адилеттикти, мыйзамдуулукту орнотуу болуп саналат.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн