15-апрелде мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки териштирүү иши токтоп, эркиндикке чыкканы интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү да ММК булактарына маалымат берди.
«Азаттыктын» жана Али Токтакуновдун иликтөөсүнүн негизинде бизге «Матраимовдун чет жактарда мүлкү бар, ошону караган жоксуңар» деген дооматтар айтылган. Биз аны качырбоо үчүн кармап, камадык. Кытайга, Түркияга, Араб Эмираттарына жана башка бардык чет өлкөлөргө суроо-өтүнүч жиберип, Райымбек Матраимовдорго таандык мүлктөр бар-жогун аныктоого көмөктөшүүнү суранганбыз. Ал өлкөлөрдүн баарынан бизге «Райымбек Матраимовго жана анын жакындарына таандык бир да мүлк жок» деген маалыматтар алынды. Ошондон кийин гана биз ишти токтотуп, аны чыгарууга мажбур болдук», - деди Ташиев.
Ырас, ага чейин Матраимов өзүнүн бажы кызматында иштеп жүрүп, коррупциялык иштерге барганын мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыяны үчүн 2 миллиард сом бюджетке төгүп берген. Бирок, коомчулукта «Бул Райымбек Матраимовдун мамлекетке келтирген зыянынын азыраак гана бөлүгү» деген пикирлер айтылды. Негизинен эле акыркы бир нече жылдан бери карай Матраимовду Кыргызстандагы коррупциянын символу катары кабылдап калгансыдык.
Болбосо, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, эбегейсиз байлык топтоп алган жалгыз эле Р. Матраимов эмес. Андайлар толтура. Баса, жакында эле Аскар Акаевдин убагында премьер-министрлик кызматка чейин көтөрүлгөн, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев да мамлекетке 1 миллиард сом төгүп бергенин билебиз. Мындан сырткары Р. Матраимовдун ишине байланыштуу суралып жаткан бир катар бажы кызматкерлери да түрдүү суммада мамлекетке акча төгүшкөнүн К. Ташиев билдирди. Алардын айрымдары 5 миллион, башкалары 20 миллион сомдон төгүшкөн. Ошентип мамлекетке келтирген зыяндарын кайра кайтарып, тергөө менен кызматташып жатышканына байланыштуу алар камактан бошотулуп жатат. Бул жерде «Эмне үчүн бошотуп жатасыңар?» деп бийликти күнөөлөөгө болобу? Мыйзам өзү ошондой жазылып калса, башка кандай арга кылыш керек? Кайсы бир кылмыш ишине айыпталуучу тергөө менен кызматташууга барса, ага жеңилдиктер карала турганы мыйзамда жазылган да. Демек, бул жерде бийликти эмес, биринчи кезекте ошол мыйзамды оңдоо зарылчылыгы бардыр.
Экинчиден, баарыбыз эле Райым Матраимовдун маселесин карап отура бербей, маселенин башка өңүтүнө да көңүл бурбайлыбы? Мисалы, ошол эле бажы тармагындагы коррупция бүгүнкү күндө токтодубу? Мурдагыдай 500-3000 доллардан ар бир жүк ташуучу машина үчүн акчаны сол чөнтөккө бербей калыштыбы? Эгер бажыдагы коррупция токтогон болсо, андан мамлекетке түшүп жаткан акчанын көлөмү канчага көбөйдү?
Деги эле бажы тармагынан да башка тармактарда абал кандай? Мамлекеттик жогорку кызматтардагы чиновниктер пара албай калдыбы? Тендерлер жең ичинен сүйлөшүүлөр менен өтүп жаткан жокпу? Бизнесмендерди калкалоо үчүн акча алуулар токтодубу?
Бүгүнкү күндө олуттуу көңүл бура турган суроолор мына ушулар. Болбосо, ар бир бийликтин эле учурунда коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы айтылат. Кайсы бир чиновниктер «Коррупция» беренеси менен камалат. Анан эле бийлик алмашкандан кийин мурда коррупция менен күрөшүп жаткнадай болгон чиновниктер өздөрү коррупцияга айыпталып калышат. Айтор, коррупцияга каршы күрөш «круговой» жолго түшүп алып, ошондон чыга албай жаткандай эле таасир калтырууда. Өз мөөнөтү келгенде мамлекетибизде дагы бийлик алмашат. Албетте, мындан ары бийлик алмашуу мыйзамдын гана алкагында болушун каалайбыз. Ошондо бүгүнкү күндө жогорку кызматтарда отургандар да коррупцияга айыпталып калышпайбы?
Коррупциянын тамырын биротоло кыркып жок кылуу мүмкүн эмес экенин билебиз. Мындай оор кылмыш үчүн өлүм жазасы киргизилген өлкөлөрдө да коррупция болуп турат. Бирок, аны минималдаштырууга мүмкүн. Балким, Кыргызстан да коррупцияны минималдаштыруунун системалуу жолун табышы керек болуп жүрбөсүн. Айрым чиновниктерди адегенде камап, анын алардан зыяндын ордун толтуртуп коюп, кайра чыгара берүү менен коррупцияны минималдаштыра алабызбы? Мындай жол коррупционерлердин чырагына май тамызып жаткан жокпу? «Уурдай берем, билинип калса кайра төгүп коем» деген позицияга өтүп алышпайбы? Ойлоно турган маселе. Ушул жаатта юристтер, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер терең анализ жүргүзүп, өздөрүнүн сунушун бере турган учур келди окшойт.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (1)