Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Коррупцияга каршы күрөшкүлө, бирок эч ким камалбасын, жазага тартылбасын

11.06.2021 12:18
2100
Коррупцияга каршы күрөшкүлө, бирок эч ким камалбасын, жазага тартылбасын


30 жылдан бери карай Кыргызстандын телчиге албай, көзгө көрүнөрлүк бир завод, же бир фабрика кура албай, экономикасы деле, маданияты деле, билим берүүсү да, саламаттыкты сактоо тармагы да алдыга жылбай, акырындык менен билинбестен аркага кетип баратканынын бир гана сыры бар экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. Коррупция! Дал ушул нерсе мамлекетибизди кууратып, улам-улам революциялардын жасалышына жол ачып, айыккыс илдет жабышкан сыяктуу улам алсыздантып келет. 


Кимдер коррупциянын арты менен ченебей байыгандарын, 20дан элиталык батир, заңгыраган соода борборлоруна, баасы «жүрөк түшүргөн» автоунааларга ээлик кылып калышкандарын деле билебиз. Кимдер мамлекеттик кызматтарда иштеп жатып эле, уул-кыздарын чет өлкөлөрдөгү престиждүү окуу жайларда он миңдеген долларларды төлөп окутуп жатканын, үй-бүлөсү менен Европа мамлекеттеринде эс алып келип-кетип жүрүшкөндөрүн деле билебиз. Кичинекей эле мамлекетпиз да. Баары алаканга салгандай эле көрүнүп турат. Кимдер бийликке келгенден кийин анын айланасындагы жакындары кандайча бат эле ирденип алышкандарын, андай көрүнүштөр дагы деле токтой электигин деле көрүп-билип турабыз. 


Анан дагы өкмөт башчылык кызматка баргандардын дээрлик 90%ы бир нерсени илээштирип алып, анан ошол нерсе менен алпурушуп, соттон сотко сүйрөлүп, сурактан баштары чыкпай калышаарын деле баары билет. Бирок, болбой эле өкмөт башчы болгусу келгендер токтобойт. Шаардын мэри болгондор деле кызматтан кеткенден кийин укук коргоо органдарына сурак берип, камакка алынып калышат. Ошого деле карабай мэр болгусу келгендер арбын. 


ИИМге, УКМКга жетекчи болгондордун деле тагдырларын көрүп жүрөбүз. Бири көпчүлүктүн ур-токмогунда калса, бири кайда экенин билдирбей качууга аргасыз, дагы бирөө камакта. Айтор, жогорку мамлекеттик кызматтарга барып жатканда, «Эртең кызматтан кеткенден кийин эмне болом?» деген суроого жооп издебей эле шымаланып жөнөп калып жаткандайбыз. Анан кызматка баргандан кийин эле мурда карманып жүргөн позициясынан айнып кеткендер өтө көп. Ошол эле убакта кызматтан кеткенден кийин өзү кызматта турганда кандай иштерди кылганын унутуп калган адат. 


Айтор, 30 жылдан бери эле бири-бирин камоо, абактан чыгып бийликке, бийликтен кетип абакка баруу көрүнүшү кетпей туруп алды. Же болбосо, эл-жерине батпай сыртка качып кетишет. 


Эмнеге биз ушундай абалга түштүк? Эмнеге баарыбыз коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу болушун каалайбыз дагы, ошол убакта эч кимдин камалышын, жазага тартылышын каалабайбыз? «Коррупционерлер мамлекетибизди талап-тоноп бүтө турган болушту» деп кейийбиз дагы, кайра «бошот эле, бошот!» деп кыйкырабыз? 

Эмнеге мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп, коррупцияга малынгандардын тагдыры кийинкилерге сабак болбой жатат? Эмнеге!? 


Дагы качанкыга чейин ушундай айланкөчөк болуп жүрө беребиз? Токтоор чегибиз, акылыбызга келер кезибиз болобу? Же өз ырысыбызды, өз мамлекетибизди талап-тоноп, таптакыр керектен чыгарып салып анан эс алабызбы? 


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн