Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:59
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Коррупцияга каршы күрөштө ачыктык, тактык жана жасалмасыз бекем эрк натыйжа берет

26.05.2020 13:28
1681
Коррупцияга каршы күрөштө ачыктык, тактык жана жасалмасыз бекем эрк натыйжа берет


Советтер союзунун курамынан бөлүнүп чыгып, өз алдынча көз карандысыз өлкө статусуна ээ болгон учурда Кыргызстандын токтоосуз өнүгүп кетүүсүнө эң сонун мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Иштеп жаткан даяр өндүрүшү, завод-фабрикалары, билимдүү, тажрыйбалуу кадрлары жетиштүү болчу. Болгону ошол жолду заман талабына ылайыктап буруп, улам өнүктүрүп, улам жаңылап улантып отуруш керек эле. 


Тилекке каршы, андай болбоду. СССРден калган өндүрүштү, завод-фабрикаларды заматта талкалап, темир-тезегин Кытайга сатып, азыраак адамдарыбыз миллионерге айланып, калганыбыз жыртык тепшиге отуруп калдык. Анан андан ары бизде өнүгүү-өсүү болуунун ордуна, тескерисинче талап-тоноо, өз көмөчүбүзгө күл тартуу, мамлекеттин эсебинен баюу, бир сөз менен айтканда коррупция деген нерсе ажыдаарга айланды. Акаев заманында эле Ак үйдүн 7-кабатына чыгып кеткен коррупция кайра төмөндөп кеткен жок. Ошондон бери мамлекеттик бийлик тарабынан коррупцияга каршы күрөш жарыяланат. Бирок, байкалаарлык натыйжаны сезүү кыйын болууда. Бүгүн деле ошол эле көрүнүш. Коррупцияга каршы күрөштөн мамлекет казынасына миллиондогон каражаттар кайтарылып жатканы тууралуу маалыматтар берилип жатат, бирок бул эл күткөн натыйжа эмес эле. Элдин күткөнү коррупцияга каршы күрөштүн каарынан улам мындай жолго баруудан күчтүү коркуу сезиминин пайда болушу, коррупциянын тыйылышы болчу. 


Балким биз учурда Акаев, Бакиев, Атамбаев доорунда жасалган коррупцияга каршы күрөштүн формасын жасалмалуулуктан реалдуулукка айлантат чыгарбыз. Ал үчүн деле жаңы нерсени ойлоп табыштын кажети жок. Андай практиканы биз Сингапур өлкөсүнүн тажрыйбасынан алсак болот. Территориясы болгону 725,7 чарчы километрди, калкынын саны 6 миллионго жетпеген бул кичинекей өлкө Ли Куан Ю бийлик башына келгенге чейин өтө жакыр, коррупция “желелеп” алган, билимсиздикке чөгүп бараткан мамлекет эле. 1867-жылдан 1958-жылга чейин Британ империясынын колониясында болсо, 1959-жылдан тарта Британ империясынын курамындагы өзүн-өзү башкаруучу мамлекет болот. Дал ошол жылы “Элдик аракет” (“Народное действие”) социал-демократтар партиясынын лидери Ли Куан Ю шайлоодо жеңишке жетишип, премьер-министрлик кызматка келет. Англичаниндер кетип, Сингапур автономдуу өлкө болуп калганда, өзгөчө өтө оор абалда болгон. Жумушсуздук, калктын билим деңгээлинин төмөндүгү жана ресурстардын, жердин жетишсиздигине кошумча чиеленишкен коррупция Сингапурду муунтуп турган эле. Анан 1963-жылы бул өлкө Малай федерациясына референдум аркылуу кошулат, андан кайра 1965-жылы чыгып, көз карандысыздыкка жетишет. 


Ошондон тарта Ли Куан Ю өлкөнү саздан чыгаруу үчүн чечкиндүү кадамдар талап кылына турганын түшүнүп, аракетин ошол багытка бурат. Бүгүнкү күндө Сингапур – катаал авторитардык мамлекет. Дүйнөлүк рейтингде коррупциянын жоктугу, экономикалык эркиндик жана өнүнүгүүнүн деңгээли боюнча алдыңкы орунду ээлейт. 


Мындай деңгээлге Ли Куан Ю 1959-жылдан 1990-жылга чейин өлкөнүн премьер-министри болуп турган кыска убакыт аралыгында көтөрүп чыккан. Элестете бериңиз, 31 жылда талкаланып, коррупцияга батып, жумушсуздук күчөп турган жакыр өлкөдөн дүйнөдөгү экономикасы күчтүү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына алып чыгуу оңой нерсеби? Албетте, оңой эмес, бул тууралуу Ли Куан Ю “Сингапурдук тарых: үчүнчү дүйнөдөн биринчиге” аттуу китебинде кеңири жазган. Ал китепте бийлик үчүн күрөш, коррупцияны жоюудагы жасалган чечкиндүү кадамдар тууралуу айткан. Китепти окуп чыккандан кийин эффективдүү антикоррупциялык мыйзам жана сатылбаган көз карандысыз антикоррупциялык орган, саясий эрктин арты менен бир нече жылдын ичинде гана паракорчулукту өтө төмөнкү деңгээлге чейин түшүрсө боло турганын түшүнөбүз. 


Коррупцияны ооздуктоо үчүн Ли Куан Ю Коррупцияны иликтөө боюнча адистештирилген Бюро түзөт. Ага мыйзам аркылуу өзгөчө ыйгарым укуктарын кошуп берет. Бул бюро коррупцияга негиздүү фактылары болсо, кимдин үйүнө болсо да каалаган убакта кирип барып, каалагандай текшерүү жүргүзүүгө, камакка алууга укуктуу болгон. Каршылык көрсөткөндөргө күч колдонууга да уруксат болгон. 


Ошол эле убакта коррупциялык аракеттер үчүн кылмыш жазасынын чаралары катаалданган, сот системасынын көз карандысыздыгы көтөрүлгөн, соттордун айлык акылары кескин түрдө жогорулаган. Пара алгандар да, пара бергендер да катаал жазага тартыла тургандай болгон. Бажы тармагындагы бардык кызматкерлер дүңүнөн жумуштан айдалган. Мындай көрүнүш көптөгөн мамлекеттик ведомстволордо жасалган.


Ли Куан Ю чечкиндүү кадамдарды жасаганга чейин Сингапурда чиновниктер контрабанда жана тыюу салынган товарларды ташыган транспорт каражаттарын текшерүүнү “эртелетүү” үчүн пара алышкан. Камсыздоо Борбордук кызматынын персоналдары кызыккан адамдарга тендерге келип түшкөн маалыматтар менен бөлүшүп, акча алып турушкан. Импорттук-экспорттук департаменттин чиновниктери уруксат кагазын берүүнү эртелетүү үчүн пара алышкан. Ар кандай бузууларга көз жуумп коюулары үчүн подрядчиктер текшерүүчүлөргө пара беришкен. Мектептин директорлору канцелярдык товарлар ташып келүүчүлөрдөн “ыраазычылык” алып турушкан. Айтор, кудум эле биздин бүгүнкү Кыргызстандагы көрүнүштөрдүн көпчүлүгү болгон. 


Ушул көрүнүштөрдү жоюу үчүн Ли Куан Ю өзүнүн жакын туугандарын да, санаалаштарын, досторун да камоого даяр болгон. Ар бир чиновниктин тапкан кирешелери, чыгашалары коомчулуктун алдында ачык көрсөтүлүшү керек болгон. Ырас, мамлекеттик кызматтагылардын дээрлик баарынын айлык акылары көтөрүлгөн. Алардын жылдык кирешелери бизнес чөйрөсүндөгүлөрдүн кирешесинен кем калышпаган деңгээлге чейин жеткен. 1989-1994-жылдарда бул өлкөнүн жогорку мамлекеттик кызматтагыларынын айлык акылары дүйнөдөгү эң алдыңкы айлык акылардын катарына кирип калган. Ошого да карабай коррупцияга баргандар болсо, анда катаал жаза чаралары көрүлгөн – эркинен ажыратуу жана айып салуу. Айып салууда алган парасынын суммасы да эске алынган. 


Сингапурда шайлоо убагында акчаны ашыкча чачуу көрүнүштөрү да тыйылган. Шайлоодо акча чачып келген партия кайра аны мамлекеттин эсебинен толуктоо аракетин көрөөрү белгилүү. Ошондуктан Ли Куан Юунун партиясы өз мөөнөтүндө мектептерди, ооруканаларды жана башка калк үчүн керектүү иштердин курулушун тынымсыз жасай беришкен. Натыйжада эл аларды кайра-кайра шайлап турушкан.


Албетте, бул өлкөдө коррупция менен кармалгандар жана мындай ишке аралашкандар кадимкидей коомдон чыгып калат. Алар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин да мурдагысындай эл ичинде ээн-эркин жашай албайт. Балким, биз дагы ушул жолду тандайттырбыз. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын он эселеп көтөрүү менен алардан тазалыкты, тактыкты, ачыктыкты талап кылуу, коррупцияга аралашкандарга катаал чара көрүүнү мыйзам аркылуу дагы-да катаалдаштыруу зарылдыр. Коррупционер болуу деген – укум-тукумуна чейин доо кетирүү дегендик экенин коомдук көз карашка айлантуу убагы келди окшойт. Бирок бул үчүн эмне жетишпей жатат?...


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн