Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:56
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка 15 мектептин курулушу жүрүүдө

07.08.2020 17:22
1761
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка 15 мектептин курулушу жүрүүдө


Республика боюнча 2019-жылы КР өкмөтү тарабынан түзүлгөн Комиссия авариялык мектептер катары тааныган 245 мектептин тизмеси түзүлгөн. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.



Анын ичинен, 117 мектеп авариялык абалда турат жана эч бир тизмеге киргизилген эмес. Калган мектептердин курулуш жана долборлоо иштерин каржылоо республикалык бюджеттин, башка фонддордун жана Бишкек менен Ош мэриясы тарабынан жүргүзүүлүдө.



Андан сырткары, Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 15 мектептин кошумча корпустарынын курулушу жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн