Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн төрт жылда 20,4 млрд. сом түштү

29.03.2024 09:20
675
Коррупцияга каршы күрөшүүдөн төрт жылда 20,4 млрд. сом түштү


Кыргызстанда төрт жыл ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттын көлөмү 20 миллиард 445 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.


Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу жана милдеттүү толтурууда каражат укук коргоо, көзөмөлдөө органдарынын жана Финансы министрлигинин депозиттик эсептерине которулуп турган.


"2020-жылдын январынан 2024-жылдын февралына чейин депозиттик эсептерге 20 миллиард 445 миллион сом түшкɵн. Анын ичинен 14 миллиард 145 миллион сому мамлекеттик бюджетке чегерилсе, 6 миллиард 300 миллион сому Турукташтыруу фондуна которулду", — деп айтылат маалыматта.


Ведомство бул иш министрлер кабинетинин атайын токтомунун негизинде аткарылып жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн