Баш оона 24, 2025
Убакыт: 08:21
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Коррупцияга шектелген ИИМ кызматкерлери 2 айга камалды

25.10.2021 11:26
796
Коррупцияга шектелген ИИМ кызматкерлери 2 айга камалды

Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу  Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ал 21-декабрга чейин камакта болот.


Ошондой эле тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызы дагы 2 айга камакка алынды. Жогорудагы кызматкерлер Октябрь РИИБинде кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларына шектелүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн