Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коррупцияга шектелүүдө. ЖК Жогорку соттун судьясын убактылуу кызматтан четтетти

23.12.2021 09:23
919
Коррупцияга шектелүүдө. ЖК Жогорку соттун судьясын убактылуу кызматтан четтетти

Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаеваны убактылуу ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин өтүнүчүн канааттандырды.


Бирок мындай чечим кабыл алуу үчүн 4 жолу добуш берүүгө мажбур болушту. Төртүнчү жолу добуш бергенде гана Боронбаеваны кызматтан четтетүүгө жетиштүү депутат чогулду.


Тактап айтканда, президенттин өтүнүчү менен 63 депутат макул болсо, 9 депутат каршы болду.


Ушул жылы январь айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Боронбаеванын үстүнөн мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Июль айында УКМК материалдарды Судьялар кеңешинин дисциплинардык комиссиясына өткөрүп берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн