Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:24
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Коррупциялык схемалар эки жылда өлкөгө 1,2 млрд сом зыян келтирген, - ЭККМК төрагасы

18.09.2020 12:04
1191
Коррупциялык схемалар эки жылда өлкөгө 1,2 млрд сом зыян келтирген, - ЭККМК төрагасы


Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) төрагасы Бакир Таиров 17-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча финансы полициясы органдарынын ишинин жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 2018-жылдан тартып кызматтык жана коррупциялык көрүнүштөгү мыйзам бузуулар, башкача айтканда кызматтык абал же кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу, коррупциялык схемаларды түзүү боюнча 2981 факт аныкталганы белгиленди.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 млрд 200 млн сомду түзгөн. Учурда анын ичинен 585 млн 400 миң сом мамлекетке кайтарылып алынган.

Жогоруда аталган фактылар боюнча 2981 кылмыш иш катталып, 291 иш сот тармагына жөнөтүлгөн. 8,5 млн. сомдук мүлккө арест салынган. Тергөөнүн алкагында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин 392 кызматкери жоопко тартылды.

Бакир Таиров ошондой эле коомчулукта резонанс жараткан бажы системасындагы чоң коррупциялык схеманын бети ачылганын белгиледи.

«Бажы кызматкерлери „Айхан“ аттуу фирма менен алдын ала сүйлөшүп, Кытайдан кирип турган товарлардан бажы төлөмдөрдөн баш тартып мамлекет казынасына 61 млн. сом зыян келтиришкен. Анын ичинен 55 млн. сом  мамлекетке кайтарылды. Бул иш боюнча 15 адам жоопко тартылды, анын ичинен Бажы кызматынын мурунку төрагасы тергөөдөн баш тартып жашынып жүргөн учурунда Азербайжан Республикасынан Кызматтын күчү менен алынып келинген. Учурда соттун кароосунда», — деп айтты ал.

ЭККМК төрагасы дагы бир чоң схеманы мисал келтирди.

«Түндүк-Чыгыш бажысынын жетекчилиги жана кызматкерлери жеке фирмалар менен алдын ала сүйлөшүп алып, бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө жасалма квитанцияларды колдонуп,  Кытайдан ташылып киргизилген товарларды катташкан. Бул мыйзамсыз иш аракеттеринин натыйжасында казынага  келтирилген зыяндын суммасы 91 миллиондон ашуун сомду түздү.  Кылмыш иш алкагында 17 адам, алардын ичинде бажы кызматынын жооптуу кызматкерлери жоопко тартылган. Учурда соттун кароосунда», — деп белгиледи Бакир Таиров.

Ошондой эле ал казынага миллиондогон зыян келтирип жүргөн Мамлекеттик каттоо кызматында ири схеманын жок кылынганын баса белгиледи.

«Мамкаттоо кызматынын Кара-Көл шаарындагы башкармалыгынын кызматкери республиканын аймагынан тышкары жайгашкан 112 автоунааны мыйзамсыз каттоо жана  контрабандалык жол менен ташып киргизүү фактылары боюнча жоопко тартылган. Бул кылмыш аракеттери өлкөнүн казынасына 87 млн. сом зыян келтирди», — деп билдирди ЭККМК төрагасы.

Ал ошондой эле коррупциялык аракеттер боюнча башка дагы мисалдарды ортого салды.

«Бишкек шаарынын Биринчи май районунун соту 2 миң АКШ доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Иш сотто каралып жатат. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысы 1 миң АКШ долларын талап кылып, 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Транспорт министрлигинин кызматкерлери жол тейлөөсүнө сарптала турган акчаларды өз капчыктарына чогултуу схемасын түзүшкөн. Аталган министрликтин автоунаа жолдорунун мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери тарабынан Бишкек-Ош жолдору аркылуу өтүү үчүн төлөнүүчү автоматташтырылган системага өзгөртүүлөрдү киргизип, мамлекетке 19 млн. 300 миң сом  зыян келтиришкен. Анын ичинен 12 млн. сом мамлекетке кайтарылды. Иш боюнча Дирекциянын башкы директору менен бирге 23 кызматкер жоопко тартылды. Тергөө жыйынтыктоо стадиясында», — деп маалымат берди Бакир Таиров.

Ошону менен катар ал пандемия мезгилинде медициналык мекемелердин калкка зарыл жардам көрсөтүүгө даярдыгын камсыз кылуу, медициналык буюмдарды жана дары- дармектерди сатып алуу боюнча шашылыш чараларды көрбөгөндүктөн, учурда Саламаттыкты сактоо органдарына шалаакылык жана коррупция беренелери боюнча 5 кылмыш иши тергелип жатканын белгиледи.

ЭККМК төрагасы ошондой эле Кызматтын бир катар кызматкерлери жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында окуу курстарынан өтүүнү  улантып жатышканын кошумчалады.

Мындан сырткары, Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруунун алкагында ар бир кабинетке тергөө жана алгачкы тергөө кызматкерлеринин жарандар менен болгон иш-аракеттерин видео көзөмөлдөө үчүн Кызмат тарабынан 100дөн ашуун видеокамера орнотулган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн