Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 00:10
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Коррупцияны жоюунун бир гана жолу — санариптештирүү

20.02.2020 11:28
638
Коррупцияны жоюунун бир гана жолу — санариптештирүү



Бүгүн, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышып сөз сүйлөдү. Өлкө башчысы жалпы мамлекеттеги коомдук-саясий кырдаалга токтолуп, бийлик тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди. Ошондой эле мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөшүү жана паракорчулукту кыскартуу үчүн санариптештирүүнү тез арада аягына чыгаруу зарылчылыгын айтты.


"Бул санариптештирүүнү мен ойлоп тапкан жокмун. Бүт дүйнө жүзү эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен өнүгүү жолуна түшүп жатат. Тилекке каршы, биз кеч баштадык, артта калдык. Бирок биз абдан амбициялуу максат койгонбуз. "Борбор Азияда эң алдыңкы мамлекет болобуз" деген амбиция менен иштеп жатабыз. Коррупцияны жоюунун бир гана жолу бар — санариптештирүү. Ошондуктан бул менин өзгөчө көзөмөлүмдө, президенттик негизги багытым болууда", — деди Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн