Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Көрүстөнгө сөөк коюу үчүн 5 миң долларга чейин пара алып турган жаран кармалды

20.05.2021 11:47
1757
Көрүстөнгө сөөк коюу үчүн 5 миң долларга чейин пара алып турган жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (тарабынан системалык коррупциялык иштерге бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы» мамлекеттик ишканасындагы («БМАУ» МИ) туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, «БМАУ» ишканасынын жеке кызматкерлери маркумду көмүү иш-чараларында аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө 1 миңден 5 миң АКШ долларына чейин акча каражаттарын сый акы катары алып жүрүшкөн.

2021-жылдын 18-майында УКМК сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен «БМАУ» МИ кызматкери кармалды.

Кармалган «А.А.» УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын УКМК «БМАУ» МИ мындан ары мыйзамсыз иштерге катышкан кызматкерлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, бекер жер тилкелеринин жоктугунан, 2021-жылдын 1-январынан тартып Түштүк-Батыш көрүстөнү жабылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн