Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кош бойлуу аялдар үчүн COVID-19га каршы вакцина алууга болобу?

02.08.2022 09:44
540
Кош бойлуу аялдар үчүн COVID-19га каршы вакцина алууга болобу?


  

Окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрүнө ылайык, COVID-19га каршы вакцина кош бойлуу аялдарда боюнан түшүп калуу коркунучуна таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.



 

Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде же эмчек эмизүү учурунда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн жана кош бойлуу аялдар жана алардын ымыркайлары үчүн эмдөөнүн коопсуздугу боюнча эч кандай кооптонуулар аныкталган эмес. Чынында, кош бойлуу кезде эмдөө балаңызды коргоого жардам берет; бул эмчек эмизүү учурундагы эмдөөгө да тиешелүү. 

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта төмөнкү факторлорду эске алуу менен эмдөөдөн өтө алышат: дене салмагынын индекси жогору болгон 35 жаштан ашкан аялдар; коштолгон оорулар - кант диабети, гипертония ж.б. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн