Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кош бойлуу жана бала эмизген айымдар эмдөөдөн өтөбү?

Кош бойлуу жана бала эмизген айымдар эмдөөдөн өтөбү?

Кыргызстанда кош бойлуу жана бала эмизген айымдар азырынча COVID-19га каршы эмделбейт. Бул тууралуу   Республикалык иммуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова "Кабар" агенттигине билдирди.


Анын айтымында, мындан мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) кош бойлуу аялдарды эмдөө боюнча сунуштама берген. «Бирок, биз азырынча кош бойлуу аялдарды эмдебей туруу чечимин кабыл алдык. Анткени биз вакцина менен кошо келген көрсөтмөлөрдү гана аткарабыз. Бүгүн анын котормосун алдык жана азырынча ушул стратегияны колдонуп, кош бойлуу жана эмизген аялдарга эмдөө жүргүзбөйбүз»,-деди ал.


Ошондой эле, иммунолог дүйнөдө жапырт эмдөөгө тынымсыз көзөмөл жүгүзүлүп келе жатканын белгиледи.


Ал Кыргызстанда Sinopharm» жана «Спутник V» вакциналарынын олуттуу терс таасирлери катталбаганын белгиледи. Бейтаптар жеңил баш оору, алсыздык жана жүрөк айлануу болуп жатканын билдиришүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн