Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:24
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кош кел - нетократия!

13.01.2021 22:33
719
Кош кел - нетократия!


Ажап болду бизге! Сооп болот! Чынында ушуну көрүш керек эле! Силер саясатчылар! Экономика, өлкөнүн байлыгы, мамлекетти эле эмес бүт барын бузган так ушу силерсиңер! Партия, саясий идеология, принцип дегенди да силер жайлап тындыңар! 

Мына ошонун түшүмүн көрөбүз эми! 

Бизде демократиялык партиялардын лидерлери демократтар эмес диктаторлор! Өзүнүн оюнан башканы туура көрбөгөн, партиясы кошоматчыларга толгон демократиянын "д" сы да жок авторитаризмди сүйгөн типтер. Чынбы?

Анын социалистик партиялардын кожоюну же лидери болсо накта капиталистер! Шайлоочулардын добуштарын сатып алган шылуун кызыл кулактар. Магазин, ресторан, завод деги койчу байлыгы толгон бизнесмендер. Чынбы?

Либералистик партия боло турган болсо ал жериң деле кызык. Бир нерсе айтсаң душмандашып, агрессия чыгарган сабырсыз демагогдор. Бирөөнүн башкача оюн уккусу да келбеген, текебер, президенттикпи, парламенттикпи пофигизм, принциби нөл куучирендер! Чынбы?

Улуттук деген түшүнүктү улутчулдук менен алмаштырып бакырып жүргөндөрүбүз жөнүндө сүйлөгүм да келбейт...

Айтор, айта берсең сөз көп..

Ал эми калганыбыз болсо көз караш, принцип, дегенден алыс, саясий идеолгиялык ою калыптанбаган алешемдер экенбиз. Биздин оюбузча саясий элитада бир эки таанышыбыз, тууганыбыз, жердешибиз, уруулашыбыз болсо биз ошо тарапты колдойбуз. Чынбы? (Ошентип олтуруп, ушуга келдик.)

Эми кош кел - нетократия! Вотсаптан группа түзөсүң, ар ким менен жазышасың, заманды сөгөсүң, фейсбуктан фейктердин армиясын ачасың.. Анан жатып алып, кулактарды жыргата бересиң заманың түшкүр... 

Анан алиги урматтуу баланча түкүнчөкраттар, силерге чала гана болду! Эми муну да көрөлү, айла жок... 


Р.S. Хотя, бир жери артык - биз дагы да болсо дүйнө жүзүнөн алдыдабыз.. ????


Шайырбек Абдырахман, журналист 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
ТААШ
АЙДАГАНЫН БЕШ ЕЧКИ ЫШКЫРЫГЫН ТАШ ЖАРАТ ЕЛ БОЛДУК.ЕЧКИСИ ДЕЛЕ КАЛБАДЫ.