Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Адилетсиздикке нааразычылык физикага айланат

14.04.2020 17:23
937
Адилетсиздикке нааразычылык физикага айланат


Бир канча ай мурун ондон ашык эреже бузуп, бир номурду ондон ашык кымбат машинага таккан "мамак" кармаган адам чыккан. Прокуратурада иштеген, Акаевдин кошелегунун баласы. Ошол сүрөт чыгып кеткенде премьер-министр жеке жашоо, купуялуулукту сактагыла деп эскертүү берип, бир тобун зекиген. Милиция болсо такыр окшошпогон бир баланы кармалды деп элге көрсөтүп койгон.


ЧП башталганы ЖКнын бөлүм башчысы, Бакиевский чиновник Молдошевдин баласы милицияны сабап, үй камагына чыгып кетти. Сөгүнчөөк кызды жактаган эч ким жок, ЧПнын эрежесин бузду, мыйзамдуу жазасын алсын. Бирок милиция эмнеге видеого тартып таратат? Эмнеге анын жеке жашоосунун купуялуулугун бузат? Кыз мыйзам бузса "мамак" кармаган кошелёктун баласындай мыйзам алдында гана жооп бериш керек. Кана кошелёктун баласын видеого тартканы? Аны видеого тартканды кой өзүнө протокол жаза алган жок. Кана сойку ташыган милициянын видеосун чыгарганы? Кыргызстанда жөнөкөй жарандарга бир мыйзам иштейт анан бийлик-байлыгы барларга башка мыйзам иштейт. Адилетсиздикке нааразычылык азыр сөгүнүү болуп чыгып атат, эртең физикага айланат.


Марат ТАГАЕВ, журналист

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн