Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кошунасы катары чакырылган. Орунбеков Көлбаевдин апасынын мааракесинде Акылбек Жапаров тартылган видеого комментарий берди

09.11.2023 14:43
244
Кошунасы катары чакырылган. Орунбеков Көлбаевдин апасынын мааракесинде Акылбек Жапаров тартылган видеого комментарий берди


Интернет желесинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) апасы Мая Алиеванын 70 жылдык тоюна барган видеосу тарады. Буга байланыштуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө берип, видео эски экендигин билдирди. 

"Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда.

Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары, тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз", - деди Орунбеков.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн