Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:40
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Космосбек Чолпонбаев пандемия деген сөздүн маанисин түшүндүрдү

13.03.2020 14:14
1159
Космосбек Чолпонбаев пандемия деген сөздүн маанисин түшүндүрдү


Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 13-мартта коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу өткөрүлгөн маалымат жыйында пандемия деген терминдин маанисин түшүндүрүп берди.  


Анын айтымында, кечээ, 12-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык саактоо уюму COVID-19 коронавирусун пандемия деп атады.


"Пандемия деген сөздү угуп алып, ал эмнеси деп паника болгон жарандар жок эмес. Мен айтып коёюн инфекциялык оорулардын эки мааниси бар: эпидемия жана пандемия. Кандайдыр бир жугуштуу оорулардын тар чөйрөдө пайда болушу - бул эпидемия. Ал эми бүткүл дүйнө жүзүнө тарап кеткен вирустук ооруларды пандемия деп атайбыз", - деди министр.


Космосбек Чолпонбаев белгилегендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун пандемия деп жарыялоосунун себеби - бул оорунун мындан ары башка өлкөлөргө жайылуусуна бөгөт коюу, ага каршы чараларды күчөтүү мааниси болду. Бул жарлыкка ылайык бүт мамлекеттер өздөрүнүн мыйзамдарына жараша күчөтүлгөн чараларды көрүшү керек.    

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн