Коронавирус пандемиясынан калктын саламаттыгын канткенде сактап калабыз деген суроо өтө орчундуу болуп турган баштапкы мезгилде, тескерисинче андай абалдан пайдаланып, акча жасап калуу аракети да болуп кеткени коомчулукка белгилүү болуп калды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка экс-саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылганы маалым болду. Аталган ведомствонун маалыматына караганда Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата март айында Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын лоббирлөө фактысы катталган.
Өтө өкүнүчтүү. Элдин кайгысынан, мамлекеттин башына түшүп турган өтө оор апааттан да пайдаланып, жеке капчыктарын калыңдатып алгысы келгендердин болгону жан кейитет, экинчи жагынан ирээнжитет. Калктын саламаттыгын сактоону камсыздоо маселесин биринчи орунга койбой, кызматтык абалды жеке кызыкчылыктарын канааттандырып калууга пайдалангандарды эмне деп атаарыңды да билбейсиң.
Баса, негизи эле мындай кыңыр иштер эч качан жаап-жашырылган боюнча калып калбай турганын акыркы бир нече жылдардан бери билип келатабыз. Канчалаган экс-чиновниктер кызматтык абалдарынан кыянат пайдаланышкандары үчүн темир тор артында отурушат. Бирок, ошол көрүнүш кийинки чиновниктерге сабак болбой жатканы өтө эле таң калычтуу. Же биздин аткаминерлердин коркуу сезимдери таптакыр эле «тынчып» калганбы деген ой келет.
Ошентип экс-саламаттыкты сактоо министри суракка чакырылды. Сурак эми министрдин деңгээли менен эле токтоп калбашы керек. Ошол убакта өкмөттүн бул тармакка тиешелүү жагын жетектеп турган экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова да көп нерседен кабардар болгон эмес деп айта албайбыз. Ал эми алардын баарынын башында турган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да бул жерде сурактан тышкары калбашы кажет. Себеби, өкмөт башчысынын макулдугу жок министр өзү билип кандайдыр бир кадам жасашы кыйын.
Кыязы, COVID-19 пандемиясына байланыштуу сырттан келген акчалардын сары изине тереңдеп «чөп салына» турган убакыт эми алдыда турса керек. Бул илдетке каршы күрөшүү максатында эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден бир топ эле суммадагы каражаттар келди. Алардын көпчүлүгү кредитке берилди. Демек, канча бир жылдан кийин алардын үстөгүн кошуп кайтарып берүү керек дегенди түшүнөбүз. Бирок, ал акча каражаттары канчалык деңгээлде негиздүү пайдаланылды? Орчундуу маселе мына ушунда. Бул багытта айрым кесиптештерибиз журналисттик иликтөөлөрдү да жасап үлгүрүштү. Эми аны дагы-да тереңдетип казуу аракеттери сөзсүз жасалат. Ошондо балким пандемияга байланыштуу сырттан келген кредиттерге байланыштуу иш Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштердей эле чуулгандуу иш болуп калышы мүмкүн.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн