Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Көтөр башты Кыргызым! Мүңкүрөбө! Жеңиш Молдокматов абактан кат жазды

07.05.2021 11:04
1111
Көтөр башты Кыргызым! Мүңкүрөбө!  Жеңиш Молдокматов абактан кат жазды

"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов кечээ октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга шектелип 48 саатка кармалган. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди. 


Убактылуу кармоочу жайдан Молдокматов кайрылуу катын жолдоду.


"Жалпы Кыргыз элиме кайрылуу!

Кадырлуу Кыргыз элим!


Өлкөдө өтө оор кырдаал жаралып, адилеттүүлүк, чындык эңсеген элдин үмүтү өчүп, сырттан душмандар кол салып, экономика эңшерилип турганда бийлик төбөлдөрү, өлкө башчысы Садыр Жапаров өз элине, жерине кас болду!

Мени октябрь окуясында С.Жапаровду чыгарган адамдын бири, УКМКнын имаратын басып алуу кинесин коюп, камакка алууда. Айтарым, бул күндөр дагы өтөт. Чындык чыгат! Адилеттүлүк орнойт!

Кыргызымдын уулу, Өмүргазынын кулуну Молдокматов Жеңишбекти камап коюу менен өлкөдө өнүгүү орун алып, элдин жашоосу оңолуп кетпейт. Болгону бийликтин кемчилигин айткан бир адамга убактылуу кемийт.

Башыңды көтөр кыргызым!

Чындык үчүн аталарыбыз күрөшүп, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп келген. Бийлик түбөлүктү эмес! Эч коркпостон күрөшкүлө элдин азаттыгы, жерибиз үчүн!

Көтөр башты Кыргызым! Мүңкүрөбө! Уулуң чыгат! Кудайым буйруса баары жакшы болот!

Энекем менин, эч ойлонбоңуз, өзүңүздү караңыз! Уулуңуз эли үчүн чыккан!

Канышай алтыным, эч кайгырба, балдарымды жакшы кара!",- деп жазылат катта. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Ак
Ак ийилет бирок сынбайт.Жениш бекем бол
Арзыматов Алмазбек
Кудайга шугкр онолуу жолуна тушуп келе жатабыз,30 жылдык бузукулардын ишин туздош оной эмес да эгемендуу Кыргызстан эми болот