Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Көтөрүп чаап. Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты

19.02.2022 19:53
1047
Көтөрүп чаап. Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин чейрек финалына чыкты.


Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.


Акжол Махмудов 77 кг салмакта турнирдин тандоо турунан баштап катышты. Алгачкы атаандашы грузиялык Бека Мамукашвилини Махмудов 5:1 эсебинде утуп алды. Ал эми мелдештин 1/8 финалында болгориялык балбанды эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөттөн мурда жеңишти камсыздады.


Ал эми Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин чейрек финалына чыкты.


Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.


Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында индиялык Сумит менен күрөшүп аны мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн