Бугу 05, 2024
Убакыт: 00:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кой-Таш окуясы: Айыпталуучулардын бөгөт коюу чарасынын мөөнөттөрү эки айга узартылды

13.07.2020 17:23
944
Кой-Таш окуясы: Айыпталуучулардын бөгөт коюу чарасынын мөөнөттөрү эки айга узартылды


Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын бөгөт коюу чарасы каралды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Атамбаев, Ф.Ниязов, И.Карамушкина, А.Кодуранова, Р.Жеенбеков, М.Мискенбаев, К.Жолдубаева, К.Сагымбаев, М.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Баабиев, К.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралды.

 

Бүгүн, 13-июлда 274-берененин талабына ылайык, сот тарабынан иштин соттук териштирүү жана айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт коюу чарасынын мөөнөттөрү эки айга узартылган.


Андан соң айыпталуучулардын алынып келинбегендигине жана жактоочулардын келбегендигине байланыштуу, соттук отурум 20-июлга саат 10:00гө жылдырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн