Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кой-Таш окуясы боюнча сотко айыпталуучулар кайрадан алынып келинген жок

20.07.2020 12:16
1084
Кой-Таш окуясы боюнча сотко айыпталуучулар кайрадан алынып келинген жок

 

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча 20-июлга белгиленген отурумга айыпталуучулар алынып келинген жок. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.


Анын айтымында, айыпталуучулардын процесске катыша албаганы белгилүү болуп турса дагы, сот отурумдары белгиленип жатат.


"Бүгүнкү процесс дагы жылдырылды. Айыпталуучуларды СИЗОдон алып чыкпагандыктан соттук териштирүү 22-июлга саат 10:00гө белгиленди", - деген Жоошев.


Буга чейин “Медиа центр” мультимедиалык агенттигине ЖАМК айыпталуучуларды алып келүү боюнча соттон расмий билдирүү түшпөгөнүн, отурумдардын жылганына мекеменин эч кандай тийешеси жок экенин айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн