Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 29-апрелге саат 10:00гө жылдырылды. Бул тууралуу СДПК партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, отурум айрым адвокаттардын келбей калганына жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу сот ишине катыша албагандыгынан улам жылдырылган.
Эске салсак, буга чейин 22-апрелге белгиленген соттук отурумга катышуудан Атамбаев баш тартканы айтылып, отурум 27-апрелге жылдырылган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн