Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум боло турган Биринчи май райондук сотуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келди. Бул тууралуу СДПК партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын жактоочусу Сергей Слесарев учурда кан басыма бат-баттан көтөрүлүп өзүн жакшы эмес сезип жатат жана клиникадан толук медициналык кароодон өтүүгө муктаж экеинин, буга чейин Атамбаев соттук отурумга катышуудан баш тартып арыз жазганын айткан.
Ал эми соттук отурум айрым жактоочулардын жок болгонуна байланыштуу 6-майга жылдырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн