Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин билдирүүлөрү чындыка дал келбейт жана жөн гана түшүнбөстүктөрдү жаратат. Мындай билдирүүнү Башкы прокуратура бүгүн, 19-майда таратты.
Ага ылайык, Замир Жоошев буга чейин социалдык тармак аркылуу Кой-Таш окуясы боюнча, тергөөдө “Ниязбеков кандай кырдаалда жараат алган?” деген суроого берген жообу орунсуз. Анда ал айрым жоокерлер Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн 1-кабатында АК-74 куралынан ок тийгенин айтканын, ал куралды жаалданып тургандар “Альфанын” жоокерлеринен тартып алышканын, көрсөтмө бергендердин бири АК-74 куралынан ок аткан кишини тааный алары тууралуу жазган.
Ал эми прокуратуранын билдирүүсүндө адвокат элди адаштырып жатканы, “Альфанын” кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн толук жеткирбегени, тергөөдө офицер Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жансакчысы Канат Сагымбаевдин тиешеси бар экени аныкталганы айтылат.
Мындан сырткары, тергөө учурунда Ниязбековго кайсы куралдан ок тийгени так аныкталган. Экспертиза ок кирген жана чыккан жерде 7.62 мм калибрдеги октун орду калганын, Ниязбековдун кийиминде калган коргошун Атамбаевге таандык СВД куралынан атылганын көрсөтүп турарын далилдегенин билдиришкен.
Ошондой эле, Жоошев сотко чейинки териштирүү учурундагы маалыматты жарыялоого укугу жок экенин, ал соттук изилдөөгө алына элек маалыматтарды таркатканын да эскертилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн