Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:53
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кой-Ташта пакистандык жаранды сабагандар жооп берет, - ИИМ

20.07.2020 20:07
1869
Кой-Ташта пакистандык жаранды сабагандар жооп берет, - ИИМ


Кечээ, 19-июль күнү болжол менен саат 23:00дөр чамасында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистандын 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайда бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.


Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон дарекке дароо Аламүдүн РИИБнин ыкчам тергөө тобу чыгышкан учурда урушка катышкандар ал жерден таркап кетишкен.


Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.


Учурда милиция кызматкерлери тарабынан чыр-чатакка катышууга тиешеси бар шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталы, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Аталган окуяны ИИМдин жетекчилиги катуу көзөмөлгө алып, тиешеси  барлар мыйзам алдында жооп бере турганын билдирди. 


Тема боюнча: Ыктыярчы дарыгер катары иштеп жаткан пакистандык студент Кой-Ташта сабалды (видео) 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн