Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 05:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Койдун баасы 15 миң, шайлоочунун баасы 1000 сом

12.04.2021 10:38
1261
Койдун баасы 15 миң, шайлоочунун баасы 1000 сом

Ошентип 11-апрелде жалпы өлкө боюнча 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары үчүн шайлоо өттү. Аны менен катар эле президенттик башкарууга багытталган жаңы Конституциянын долбооруна да добуш берүү боюнча референдум болду.



Дароо айтып кое турган жагдай, бул жолку жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо адаттагыдан тыш жандуу жана чоң атаандаштык менен коштолду. Шайлоого катышкан көпчүлүк партиялар жаңыдан эле түзүлө калган партиялар болгонун да кошумчалай кетели. Мурда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жалпы коомчулуктун көңүлүн мынчалык деңгээлде бурбай эле өтүп кетчү. Бул жолу парламенттик шайлоо өтүп жаткандай эле таасир калтырды.


Алдын-ала жыйынтыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешине 6 партия 7 пайыздык чектен ашты. Алар – «Эмгек», «Ак Бата», «НДПК», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак», «Биздин эл» партиялары. Ал эми Ош шаардык кеңешинде 4 партия 7 пайыздык чекти ашты. Алар – «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги», «Ыйман Нуру», «Ынтымак». Жалал-Абад шаардык кеңешине болгон шайлоодо 3 партия алдыга чыкты – «Ата-Журт Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ыйман Нуру».


Добуш берүү башталгандан тарта эле интернет айдыңында партиялардын өкүлдөрү тарабынан бир катар мыйзам бузуу фактылары тууралуу видеоматериалдар жарыяланып жатты. Өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары көп айтылды. БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу 25 маалымат келип түшкөнүн БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. Акча таратып жаткан фактылар боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган учурлар да болду.

Кайсы бир партиянын өкүлдөрү (видеодо аны НДПК партиясынын өкүлдөрү деп айтып жаткандар бар) бир машинанын багажына толтура акча салып алып, добуштарды сатып алуу аракетин жасашканы тууралуу видео тарады. Дагы бир жергиликтүү кеңештин шайлоосунда башка бир партиянын («видеодогу аял аны «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын адамдары деп айткан) адамдары бир добуш үчүн 1000 сомдон таратып жатканы айтылат. Дагы бир кызыктуу факт – бет каптарынын бир жак бурчун окшош кылып тештирип алган адамдардын добуш берүүгө келгендери болду. Муну социалдык түйүндөрдө «кайсы бир партиянын бирка салынган шайлоочулары» деп сындашты.


Айтор, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо өткөн жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоодон айырмалана албады. Ал шайлоодо деле жаңыдан гана түзүлө калган капчыктуулардын партиялары жеңишке жетишкен. Бул жолу деле жаңыдан эле түзүлө калган капчыктуулардын партиялары жеңишке жетти. Мурдагыдай эле добуштар сатылды. Баарынан өкүнүчтүүсү, шайлоочулардын өз добушун 1000 сомдон баалагандары болду. Базарларда койдун баасы эле 15000 сомду чапчып турганда, бир адам өз добушун, өзүнүн тандоо укугун 1000 сомго баалап жатканы бир жагынан жийиркеничтүү, экинчи жагынан кейиштүү көрүнүш. Сатылган шайлоочулар өздөрүн койдон да төмөн санап калганынын белгиси.


Ыраматылык Чубак ажы Жалилов добуштарын саткан шайлоочулар тууралуу убагында катуу айтты эле. Тактап айтсак, денесин саткан жеңил ойлуу кыздар сатына 1000-2000 сомдон алышса, шайлоочулар беш жылдык добушун 1000 сомго баалап жатат деген. Сойкулардан да, малдан да арзан бааланып жаткан шайлоочулар менен деги эле таза шайлоо өткөрүүгө мүмкүнбү деген суроого аргасыз кептелесиң.


Шайлоочулар өздөрү сатылма болуп турганда, бийликти күнөөлөй алабызбы? Өзүбүз добушубузду сатып жиберип, анан кайра шайлоо таза өткөн жок дегенге акыбыз барбы? Бардык күнөөнү бийликтен издей бербей, элдин өзүнөн издей турган учур келди окшойт. Эл оңолмоюнча, эл башылар кантип оңолсун? «Элине жараша башчы болот» деп илгертен айтылып келаткан кептин төркүнүн эми түшүнүп жатат окшойбуз. Добушубузду сатып жибергенден кийин депутаттардан кантип «жакшы иштегиле» деп талап кылабыз? Алар өздөрүнүн депутаттык мандатын сатып алышпадыбы. Сатып алгандан кийин алар эч кимдин алдында милдеттүү эмес экенин эстен чыгарбашыбыз зарыл.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Албетте
Албетте,ша́йлоочу озунун добушун 1000 сомго сатканы ото окунучтуу,(деги 15000 не сатса деле).Бирок булар менин оюм боюнча аз эле болуш керек,кобу ОЗУ каалаган партияга акчпсы жок эле,элге кызмат кылат деп чын дилинен салышты.Анан добушун саткандар мумкун турмуштун айынан,Бир кунку тамак ашына жетет деп саттыбы деп да ойлойсун.Бирок кыргыз намыстуу Эл го,ачка калса да намысын сатпайт турган.Айтор ар кыл ой келет,акырындап добуш сатуу да калып калаар...