Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коюу кара түтүнгө байланыштуу «Акундун» отканасынын иши убактылуу токтотулду

17.11.2023 12:18
306
Коюу кара түтүнгө байланыштуу «Акундун» отканасынын иши убактылуу токтотулду


Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы социалдык тармактарга тараган видеодон улам “Акун” жабык акционердик коомунун отканасын текшерди. Буга чейин ишкананын морунан кара коюу түтүн чыгып жаткан видео тараган.


Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгында маалымат тастыкталып, инспекторлор откананын ишин убактылуу токтотушкан.


Жаратылыш ресурстар министрлиги Экономика министрлигине «Акун» жабык акционердик коомун пландан тышкаркы текшерүү боюнча кайрылуу жолдоду.


Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Акун» ЖАКтын түзүүчүлөрү 2 адам (фамилиялары көрсөтүлгөн эмес), жетекчиси Калдыбаев Улан Жекшенбаевич. Компания 2007-жылдын 3-октябрында кайра каттоодон өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн