Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 19:19
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Көз боёмочу деп соттолгон спикер дагы спикер болом дейби?

25.12.2021 13:25
837
Көз боёмочу деп соттолгон спикер дагы спикер болом дейби?


Биздин өлкөдө дүйнөдө болбогон нерселер боло берет.

Чын.

Башка элдер таң калса да, биз таң калбайбызбы же ушунчалык кайдыгербизби?!

Айтайын дегеним, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын төрагасы Талант Мамытов кайрадан жаңы шайланган 7-чакырылышка төрага болгону калды.

Коомчулук билбесе билип ала турган үрөй учурган жагдай – кадимки ушул Талант Мамытов көз боёмочулукка айыптуу деп сот өкүмү чыккан.

Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыковдон ири өлчөмдө карыз алып, аны өз убагында кайтарып бербей койгон.

Карызын беш жылга жакын доолап, акыры ала албашына көзү жеткен депутат Талант Мамытовду сотко берип, соттун бардык баскычтарынан утуп алып, Талант Мамытов айыпкер катары ушул күнгө дейре спикерлик айлыгын Бакыт Сыдыковдун эсебине которуп келет. Бул айныгыс факт!

Эми ушундай алдамчы адам кантип депутат болуп, уялбай кантип Жогорку Кеңешти башкарып жүрөт?! Анан да кайра эле өлкөдөгү экинчи адамдын ордуна алдамчы деп табылган адам шайланса, бул кыргыз элин шылдыңдоо эмеспи!

Оу, президент Садыр Жапаров мырза, сиз не дейсиз мындай шермендечиликке?! Же сиз дагы Талант Мамытовду, көз боёмочулукту колдойсузбу?..

Булак: serep.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн