Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:11
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кожобек Рыспаев: Ак үйдүн жанында «профсоюз» аттуу мамлекет пайда болуптур

18.03.2020 11:26
745
Кожобек Рыспаев: Ак үйдүн жанында «профсоюз» аттуу мамлекет пайда болуптур


Мамлекет ичинде так Ак үйдүн жанында жайгашкан «профсоюз» аттуу мамлекет пайда болду. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.


Анын айтымында, ар кандай амалдар аркылуу карапайым адамдардан чогултулган миллиондогон акчаларды каалгандай чачып, элдин мүлкүн өз билгениндей сатып, көп жылдардан бери чыр-чатактан башы чыкпай келет. Алар азыртан тизгинделбесе, анын акыры жакшылыкка алып келбейт. 


«Профсоюз уюмуна карапайым эмгекчилер жыл сайын ири көлөмдөгү каражаттарды чогултуп берет. Андан тышкары, коомдук уюм экенине карабастан, бюджеттен да чоң өлчөмдөгү каражат алат. Мисалы, 2019-жылы эле эмгекчилерден 222 млн 900 миң сом чогултулган. Депутаттык комиссия текшерип чыкты, кай жагынан караба, жалаң ичип-жемейлер чыгат. Совет доорунан калган мүлктүн көбү сатылып бүтүптүр. Бир сөз менен айтканда, ал жерде карапайым калктын камын ойлогон адам жок», - деди Кожобек Рыспаев.


Депутат Профсоюз уюмунан ден-соолугун чыңдоо жайларына жолдомо алган адамдардын басымдуу бөлүгү аларга каражат топтоп берген карапайым эмгекчилер эмес, өңчөй мамлекеттик мекемелердин аткаминерлери экенин, ошондон улам уюмдун жетекчилерине карата козголгон кылмыш иштери жылбай жатканын айтты. 



Абал көзөмөлдөн чыгып барат, мамлекеттик бийлик бул маселеге көңүл буруп, акыбалды жөнгө салышы зарыл, деп кошумчалады ал.


«Анысы аз келгенсип, өз изин жашырууга далалаттанган адамдар тобу мыйзамсыз аркеттерге каршы чыккан жаңы жетекчисин күчкө салуу менен кызмат ордуна киргизбей, кулпусун алмаштырып, документтерин алып, рейдерлик баскынчылык аракеттерди жасай баштады. Эң кызыгы, мына ошол профсоюздук уюмдун кеңешине мүчөбүз деген адамдар профсоюзга эч тиешеси жок коомдук бирикмелердин өкүлдөрү болуп чыкты», - деп өз сөзүн жыйынтыктады депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн