Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кожобек Рыспаев: Быйыл суу жетишсиздиги болоору айтылууда

27.04.2020 09:50
1073
Кожобек Рыспаев: Быйыл суу жетишсиздиги болоору айтылууда


Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровдор менен онлайн баарлашуу өткөрдү.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анда өлкөгө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шаартында энергетика жана тоо-кен тармагындагы абал талкууга алынып, учурдун урунтуу көйгөйлөрү көтөрүлдү.


Кыргызстандын экономикасына түздөн түз таасир тийгизүүчү маанилүү тармактар энергетика жана тоо кен тармагы экенин айткан эл өкүлү, онлайн баарлашууда тиешелүү мекемелердин жүргүзгөн иш аракеттерине жана кызматкерлеринин коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу маселелерине токтолду.


Ошондой эле төлөнбөгөн электр энергиясы үчүн туум албай туруу зарылчылыгын кошумчалаган Кожобек Рыспаев: «Быйыл суу жетишсиздиги болоору айтылууда. Ал эми өкмөт кайра калыбына келүүчү энергия булактары жөнүндөгү мыйзамдын алкагындагы иш-аракеттерди кечеңдетип келет. Тез арада бул жаатта тиешелүү иштер жасалышы керек», - деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн