Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында депутат Кожобек Рыспаев айрым мамлекеттик мекемелер кызматкерлерин негизсиз иштен кетирип, маяна төлөнбөгөн өргүүгө жиберип жатканын айтып чыкты. Эл өкүлү мындай көрүнүш жеке сектордо да орун алып жатканын белгилеп, буга жол бербөөнү талап кылды.
“Кээ бир мамлекеттик органдар премьер-министрге жакшы көрүнүш үчүн кызматкерлерин айлык акысыз убактылуу бошотуп жатат. Мындайды токтотуш керек. Жок дегенде алардын 50 пайыз маянасын сактап калуу керек”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн