Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:50
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Көзү тирүү болгондо Бабырбек Жээнбеков 70 жашка толмок...

01.09.2021 12:00
1842
Көзү тирүү болгондо Бабырбек Жээнбеков 70 жашка толмок...


Көзү тирүү болгондо бүгүн кыргыздын эркин журналистикасынын барандуу өкүлү, чыгаан юрист, кара кылды как жарган калыстыгы, мамлекетчилдиги, мекенчилдиги менен калың журттун купулуна толгон биздин устат Бабырбек Жээнбеков 70 жашка толмок. Чыгаандын баары шурудай тизилип зор маараке болмок...Аттиң, агайыбызды асылган оору бул куттуу күнгө жеткирбеди...


Бабырбек байке жан дүйнөсү баладай таза, колтугунда котур ташы көрүнүп турган душманын да жаманга кыйгысы келбеген боорукер, карсылдашкысы келген касташы менен да тил табышуунун, талашты адамгерчилик менен чечүүнүн жолун издеген дипломат, оозунан оңой менен жаман сөз чыкпаган сабырдуу, дили таза, жарык адам эле. 


Демократияны жактачу, ачык-айрым коом, адилеттүү мамлекет кургусу келген кыялкечтердин бири катары Бабырбек байке коомдогу укук бузууларды, саясий төө бастылар менен өзүм билемдиктерди далай жолу ашкерелеп, өзүнүн мыкты юридикалык билим-тажрыйбасына таянып, коррупционерлердин кулкунуна тыгылган кылкандай курч журналист болучу. 


Баарыбызды ошого үндөп, гезит бетин кызыл ала кылып боеп, макалаларды профессионалдык журналистиканын тилине салып, биздин жеке эмоция, көз караш, жыйынтыктарды кылычтай кыркып таштап, жалаң гана фактыларды сыгып "Алибиде" далай отураар эле. Эч качан бирөөлөрдү жөнү жок каралап, "дейт", "имиш" дегендерге жол бердирбей, "ФАКТЫҢ болсо жаз, фактың болбосо ага жеткенче каз" деп камчылачу. 


Бабырбек агайдан калган эң чоң сабак- ал адамдарды талдап, ар бир тармактын чыныгы мыкты кадрларын көрө билип, эч кандай жекеликке өтпөй, жердешчиликке салбай, ар тармактуу сереп сала билген, ар тармактуу анализ жасай алган кеменгер болчу. Аны мен убагында "Алибинин " баш редактору болуп туруп, гезиттин 5 жылдыгын белгилеген иш-чарада көргөмүн. Чакырылган коноктордун тизмесине көз жүгүртүп, агай "бул ким, тигини эмнеге чакырабыз...?" деген сыяктуу суроолорду бергенимде агай ар бир меймандын аткарган ишин баарыбызга баян этип, "силер олигархтар менен министрлерди чакыралы дедиңер беле..."деп уяткарып, көзүбүздү бир ачып койгон эле....


Агай акыркы жылдары өкмөттүн монополияга каршы агенттигин жетектеп, бул аты бар заты жок органды күчтөндүрүүгө, мыйзамдык базасын чыңдоого, өлкөдөгү менменсинген монополисттердин тизгинин тартууга болушунча аракет жасап көрдү. Бирок, алы жетпей калды. Анткени, бизнестеги монополисттер менен бийликтеги монополисттер бир эле кишилер экен... Агай алыша берип чарчаганына күбөмүн...


Кыскасы, Бабырбек агайдын эмгеги, мурасы, акыл-кеңеши, жакшылыктары дайыма эсимде. Жаны жаннатта болсун!


Тынчтык Алтымышев, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн