Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Красноярскта айдоочулук күбөлүгү жок кыргызстандык жол кырсыгына кабылды (фото)

26.07.2021 18:33
1041
Красноярскта айдоочулук күбөлүгү жок кыргызстандык жол кырсыгына кабылды (фото)


Россиянын Красноярск шаарында 25-июль күнү айдоочулук күбөлүгү жок кыргызстандык жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.

Ага ылайык, шаардын 60 лет образование СССР көчөсүндө Honda Odyssey унаасындагы 27 жаштагы кыргызстандык негизги жолдо бараткан Honda Stepwgn унаасына жол бошотпой койгон. Мындан улам эки унаа кагышып, Honda Odyssey жолдун четинде токтоп турган эки унааны сүзгөн. Odyssey унаасынын ичинде төрт жаштагы бала болгону айтылат. Ал балдар үчүн ылайыкталган орундукта отурганы менен коопсуздук куру тагылган эмес. Кичинекей бала жараат алган. Жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери кыргызстандык айдоочуда айдоочулук күбөлүгү болбогондугун аныкташкан.

Ошондой эле аталган унаа Россияда каттоого турган эмес. Полиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн