Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:17
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Кредит берүүдө бир катар бюрократиялык тоскоолдуктар бар, - Кубатбек Боронов

01.07.2020 15:50
1515
Кредит берүүдө бир катар бюрократиялык тоскоолдуктар бар, - Кубатбек Боронов


Кредит берүү процессин жөнөкөйлөштүрүү – өкмөттүн бизнести колдоого багытталган бирден-бир кадамы. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 1-июлда мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча кеңешмеде айтты. 

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 5 айында коммерциялык банктар тарабынан жалпы суммасы 40,3 млрд сомго кредит берилген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 10,8 млрд сомго аз. Кредит берүү көлөмүн кыскаруу себептеринин бири коронавирус инфекциясынын кесепеттери болуп саналат.

Ошону менен бирге коммерциялык банктардан кредит алуу процедураларынын татаалдыгын белгилей кетүү керек. Бир катар бюрократиялык тоскоолдуктар бар. Документтерди топтоп жүрүп карыз алуучунун каалоосу жоголот», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр чакан жана орто бизнеске 14 млрд сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүү каралган «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы ишке киргизилгенин эске салды.

«Биз бул программаны COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнеске жардам көрсөтүү үчүн бекиттик. Эл аралык финансы институттарынын да, республикалык бюджеттен да каражаттар тартылууда. Жакында 1,3 млрд сомго аукцион өттү. Жакын арада дагы бир аукцион өтөт. Ага мүмкүн болушунча көп коммерциялык банктар катышуусу зарыл», - деп баса белгиледи премьер-министр.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Суйун Жумашева .
Карапайым адамдарга да 10%тен томон коп жылдык кредиттерди беруу керек, Ковид 19 дун айынан жок жерден кредиттерге %пеня кошулуп карызга белчеден батканы калдык ,аз %менен коп жылга кредит алып кутулбасак ,кредиттен баш чыкпай калат го олгучо эле,пенсиясы 2500 сом пособиясы 800 сом ,бул адамкеочилик эмес казнакраддар.Сыйынар менен элди тоногоду токтоткула.