Бүгүн, 15-апрелде саат 06:00 чамасында Аламүдүн районундагы Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына аялдардын тобу чогулду. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя насыя маселесине байланыштуу. Айрымдары насыя төлөй албай, үйүн алдырган. Алардын колунда газ баллону бар. Алар өзүнө бензин чачып өрттөй турганын айтып жатышат.
Аялдардын тобу менен өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, Аламүдүн районунун акими жолугушуп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн