Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кредиттик компания 200 миң сом үчүн 91 жаштагы кемпирдин 17 млн сомдук үйүн алган

14.07.2021 09:47
1917
Кредиттик компания 200 миң сом үчүн 91 жаштагы кемпирдин 17 млн сомдук үйүн алган

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов чакан кредиттик компаниянын курмандыгы болгон 91 жаштагы Керээз Оморовага жардам берди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.


Жалпыга маалымдоо каражаттарында 91 жаштагы Оморова үй-бүлөсү менен кредиттик компаниянын курмандыгы болуп, натыйжада үй-жайсыз калганы тууралуу маалымат тараган.


Маалыматка ылайык, ал жардам берүүнү өтүнүп КР президентине кайрылган.


Кечээ, 13-июлда Б.Кудейбергенов аталган окуя ЖМКларга жарыялангандан кийин дароо чоң апа менен жолугуп, жардам берген. Ага убактылуу турак-жай, материалдык жардам, биринчи керектелүүчү буюмдар жана сатылып алынган тамак-аш берилди.


Аталган маселе шаар башчысынын өзгөчө көзөмөлүнө алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн