Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинадагы операциянын токтой турган шарттарын атады. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары билдирди.
Песковдун айтымында, Украина Россиянын талаптарын аткарууга тийиш.
Украинадагы операциянын токтоо шарттары төмөнкүлөр:
Украина Крымды Россиянын аймагы катары тааныйт;
Украина Донецк жана Луганск элдик республикасынын эгемендүүлүгүн тааныйт;
Украина Конституциясына өзгөртүү киргизип, анда эч кандай блокко мүчө болбоо шарты кабыл алынышы керек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн