Июнь айында Кара-Суу райондук соту «Женго» каймана аты менен белгилүү кримавторитет Кадырбек Досоновду «кылмыштуу кирешелерди адалдоого» айыптап актаган.
Бүгүн биринчи инстанциядагы соттун чечиминин негизинде Кадырбек Досоновду кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмышка айыпталган кылмыш иши токтотулганы белгилүү болду. Ош облустук сотуна бул чечимге карата даттануу же сунуш түшкөн эмес. Кадырбек Досонов бир айдан бери эркиндикте жүрөт.
Кадырбек Досонов жер тилкесин мыйзамсыз басып алган жана кылмыштуу кирешелерди адалдаган деп айыпталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн