14-мартта Америка Кошмо Штаттарынын MQ-9 Reaper чалгынчы дрону Крымга жакын аймакта кулады.
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, дрон РФнын аймагына кирип кеткен. Буга байланыштуу нөөмөттөгү эки согуштук учак (истребитель) аны коштоп жүргөн. Натыйжада АКШнын дрону Кара деңизге кулаган.
Ал эми АКШнын маалыматы боюнча дрон РФнын Су-27 учагы менен кагылышкандан кийин кулаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн