Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 18:44
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча соттук отурум башка күнгө жылдырылды

17.03.2020 15:13
665
Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча соттук отурум башка күнгө жылдырылды


Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум башка күнгө жылдырылды.  Буга  мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекованын келбей калгандыгы себеп болду.  


Кийинки отурум 19-март күнүнө саат 10:00до өтө турган болду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.


Белгилей кетсек, бул иште айыпталуучу катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн