Криминалдык төбөл Камчыбек Асанбекти (Камчы Көлбаев) №47 түзөтүү мекемесинде кармоо мөөңөтү 2021-жылдын 22-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Ал 2020-жылдын 24-октябрда мыйзамдагы ууруга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү "Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" боюнча иш козголгон. 23-октябрда Биринчи Май райондук соту ага карата баш коргоо чарасын - УКМКнын СИЗОсунда тергөө амалдары жүрүп жаткан мезгилде кармоо чечимин чыгарган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн