Өлтүрүлгөн кримавторитет Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул маалыматты Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору тастыктады.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Камча Көлбаевдин өлүмүн тастыктаган. УКМКнын маалыматына караганда, ал Ибраимова көчөсүндө жайгашкан Blonder Pub кафесинде куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин жооп кайтаруу менен өлтүрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн