Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

“Крокус Ситиге” болгон чабуулдан набыт болгондордун саны 143кө жетти

28.03.2024 10:29
1012
“Крокус Ситиге” болгон чабуулдан набыт болгондордун саны 143кө жетти


28-мартка караган түнү «Крокус Сити холл» борборуна болгон чабуулда набыт болгондордун саны 143кө жетти. Бул тууралуу Орусиянын ӨКМи жаңылаган тизмеде айтылат.


27-мартта күнү ооруканага жеткирилгендердин бири каза болгонун Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирген.


Министр дагы төрт бейтаптын абалы өтө оор экени, 19 адамдын, алардын арасында үч баланын да абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышканы, 34ү орточо оор абалда экени маалымдалды.


Эске салсак, 22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити холл» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн