Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кубан Абдымен: Беларустун тагдыры Батыш менен Россиянын мамилесине жараша болууда

24.08.2020 16:55
1079
Кубан Абдымен: Беларустун тагдыры Батыш менен Россиянын мамилесине жараша болууда


Беларустун тагдыры Батыш менен Россиянын ортосундагы мамилеге жараша болуп жатат. Мындай пикирин саясий талдоочу Кубан Абдымен "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. 


Анын пикиринде, Лукашенкодон азыр эч нерсе көз каранды эмес.


"Беларус Батыш менен ойноп жатып, ушундай жыйынтыкка келип отурат. Анын президенттиктен кетпей турганын көргөндөн кийин алар Россиянын президенти В.Путинге  кайрылып, бул боюнча үн катышын өтүнүшпөдүбү. Азыр Беларуста күчтүү деле оппозиция жок. Ал жакта 7 кишиден турган оппозициялык координация Батыш тарабынан түзүлүп жатат. Алар өздөрү: "бизге бийликтин кереги жок, Лукашенконун атаандаштарын координация гана кылып турабыз" деп айтышпадыбы", - деди Кубан Абдымен. 


Минск шаарындагы Эгемендик аянтына «Жаңы Беларустун жүрүшү» деп аталган оппозициянын акциясын өтүп, анда оппозиция президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышты. 


Буга чейин маалымдалгандай, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өтүп, учурдагы президент Александр Лукашенко 80,1 пайыз добуш менен алтынчы мөөнөткө кайрадан шайланган. Бирок ошол эле күнү Минск шаарында жана башка шаарларда нааразычылык акциялары башталган. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн