Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кубан Чороев БШКнын чечимине нааразы

08.12.2020 14:18
840
Кубан Чороев БШКнын чечимине нааразы

Президенттикке талапкер Кубан Чороев БШКнын жумушчу тобунун билдирүүсү боюнча пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анда ал мыйзам тарабынан каралган бардык милдеттенмелерди 100 пайызга аткарганын айтат.


"Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо" жөнүндөгү мыйзамдын 52-беренеси:


1.Президенттин кызматына талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынышы керек.


2. Кол чогултуу президенттикке талапкерлерди көрсөтүү күнүнөн тартып башталат жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат; (100 пайызга аткарылды). Кол топтоо баракчалары жана кол топтоо процесси менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу жүргүзүлөт; (100 пайызга аткарылды). Колдоочулардан кол топтоо кол тамга коюлучу барактар үчүн акча төлөнгөн күндөн баштап жүргүзүлөт; (100 пайыз аткарылды).


Типография менен келишим 11-ноябрда, шайлоонун эсеп фонду ачылган күнү түзүлгөн. Келишимде алардын кызматы үчүн жүргүзүлгөн төлөмдүн күнү, келишим түзүлгөн күн экени белгиленген. Мен аларга кепилдик катын бергем, бул эки тараптын макулдугу менен төлөм жүргүзүлдү дегенди билдирет. Себеби, ошол маалда бизге канча баракча керек экени белгисиз эле. Кол топтоо баракчаларын типография биздин керектөөбүзгө жараша даярдап берип турган. Мыйзамдын талаптарын аткаруунун башка жолу болгон эмес" , - деп жазылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн